"Ала-Тоо" аянтындагы концертте 20 мүнөт ичинде 2 бала ата-энесинен адашты. Адашкан балдар үчүн атайын пункт иштеп жатат

Бүгүн, 31-августта "Ала-Тоо" аянтында эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына арналган концерттик иш-чара өтүп жатат. Салтанаттуу кечеге шаардын көптөгөн тургундары жана коноктору келишкен.

Андагы тартипти көзөмөлдөөгө 2 миңге жакын милиция кызматкери тартылганын Бишкек ШИИББинен маалымдашты. Белгилүү болгондой майрамдык концерт башталгандан кийин 20 мүнөт ичинде 2 бала ата-энесинен адашты. Аларды алып баруучулар сахнага алып чыгып ата-энесине кабарлады.

Милициядан маалымдашкандай, аянтта адашкан балдар үчүн атайын пункт иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан