Эгемендүүлүк майрамынан кийинки Бишкек (фото)

Бүгүн, 31-августта Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата кечки концерт өттү. Мурда массалык түрдө майрамдалган ар бир майрамдын соңунда аянт, Панфилов атындагы сейил бак таштандыга толуп калчу. Учурда "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери таштандыларды тазалап жатышат.

Аталган ишкананын маалымат катчысы Жибек Каракееванын SUPER.KG порталына билдиргендей, кызматкерлер бүгүн таңкы саат 5:00дөн бери иштеп жатат.

Каракеева канча тонна таштанды чыгарылганы жана канча "Тазалыктын" кызматкерлери иштегени боюнча эртең, 1-сентябрда маалымат таратыла турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Ali-han
2018-09-01 00:13:08
Тазалыкта иштеген бир туугандарыбызга рахмат!!!
+15
rysik79
2018-09-01 00:17:22
Таааптаза. Буйруса кийинки жылдар мындан да тазза болоор.
+5
Kuba-savai87
2018-09-01 00:57:33
Аябай суйуундум болот экен го
+5
Aigerim.95
2018-09-01 02:00:03
Тазалык кызматындагыларга чоон рахмат. Бул майрамда адамдар тазалыкты сакташыптыр.
+5
Pandora
2018-09-01 02:49:45
МаашаАллах....Бул да болсо государство толоп берип жаткандын белгиси )))) Болот экенго туугандар
+1
toktor89
2018-09-01 07:59:35
Рахмат силерге тазалык иш канасы.
Силерсиз шаарыбыз кандай абалда болмок эле?.
+1
Baatirbek81
2018-09-01 08:56:15
Мына ушинтип барып анан оңолуп кетебиз туугандр,ар дайыи тазалыкты өзүбүздөн баштайлык.
0
Jigitchem
2018-09-01 18:43:17
Коруп алып суйундум рахмат кыргыз элим өзгөчө тазалык ишканасына
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан