Бүгүн Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келет

Президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу боюнча 1-сентябрда Кыргыз өлкөсүнө Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайып Эрдоган расмий иш сапары менен келет.

Маалыматка караганда, Эрдоган 1-2-сентябрда Бишкектеги иш-чараларда болуп, кийин III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Чолпон-Ата шаарында өтчү Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын VI саммитине катышат.

Сапардын алкагында эки мамлекеттин башчылары Кыргыз-Түркия кызматташтыгынын абалына жана мындан ары карай аны тереңдетүүнүн келечегине байланыштуу маселелерди талкуулашат. Ошондой эле эки өлкөнүн башчылары эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги орчундуу маселелер боюнча да пикир алмашат.

Андан сырткары мамлекет башчылары Кыргыз-Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин IV отурумуна катышат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө. Ошондой эле Жээнбеков менен Эрдоган басма сөз кызматкерлери үчүн билдирүү жасашат.

Режеп Тайып Эрдоган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Salaf
2018-09-01 10:09:43
Кош келиңиз мусулмандардын лидери.
0
i1urp
2018-09-01 10:21:43
Salaf,
Мусулман лидери болбосо койсун. Сирияда далай элди кырып жатат го. Мусулман болсо эмне экен. Ал деле жонокой эле киши христяндардай эле. Динчилдин ой жугуртуусуно айла жок.
+1
Kairat1996
2018-09-01 10:35:25
i1urp,
Туура мусулман болсо эмне экен. Журотко мусулманбыз дегендер Европада христяндарга жалдырап тамак издеп бала бакырасы менен, оз жерлеринде динчил кудайчыл болушуп жарыбай. Лидер болсо ошолорго жардам бербейби. Сауд аравиясы эмне жардам берди Европадагы качкындарга. Тескерсинче Йемендеги бир туугандарын бомбалап геноцид уюштуруп жатат. А бизде Чубакчылар арабтарды мактап, алардын каада салтын орнотуп жатышат.
0
CEO1
2018-09-01 16:02:24
Ай Салаф, Салаф, чала молдо дин бузарсын десем чычалайсын. Анан озун эле билдирип коесун ким экенинди.....
0
Salaf
2018-09-01 10:16:58
Акшы менен бир гана Эрдоган тирешип жатат.
+4
pat12
2018-09-01 10:26:55
Чубактын фанаттарына эмне болгон анчалык. Мусулман лидери деп туу тутуп. Кыргыздын ар намысын Ислам дини жок кылып бутурду. Ыйык Манас Атабызды туу туткандын ордуна, арабташкан, исламдашкан адамдарды фанат тутуп журосунор.
-5
JOM
2018-09-01 11:39:29
pat12,Манас дастанын окуп койсон жакшы болчуудай.
+3
CEO1
2018-09-01 16:00:11
JOM, сен озун окуп кел барып, Манастын канча вариантын окудун, баштан аяк окудунбу, окуган эмессин.....
0
Erik2018
2018-09-01 10:32:35
Эрдогандын иш сапары байсалдуу болсун демекчимин. Атамбаев бузуп кеткен алаканы Эрдоган жакшыртып жатат.
+9
nuri1
2018-09-01 10:44:37
Эрдоган жон келбейт. Анын да оз саясий кызыкчылыгы бар кичинекей Кыргызстанда. Келгенде созсуз озунун условиясын коет. Биздин динчилдер Кудай келе жаткансып катуу тосуп алышты го. Динчил болбой эле койгулачы. Ээрчиме болуп баратабыз. Арабтарды бир ээрчип, туркторду бир ээрчип.
-3
JOM
2018-09-01 11:40:30
nuri1,орус менен европаны канча жылдан бери ээрчип келатасын?
+3
zhaku2017
2018-09-01 13:27:42
JOM,
Европа жакпаса, европанын телефонун, интернетин, машинасын техникасын эмнеге колдонуп журосун дейм да. Еврепога жетип алалычы.
+3
zhaku2017
2018-09-01 10:52:11
Оз башын башкаралбаган эл, башка элдин башкаруусунда калат. Бизде азыр ошол.
+4
tnz
2018-09-01 11:00:34
Баардык нерсенин чеги болот озунорду кармагыла келсе келип кетет эки олко учун да пайдалуу ар тараптуу.
+1
jike
2018-09-01 11:08:27
Динчилдер деп не анчалык ичинер куйуп. Нике кыйганда жаназа окуганда издеп каласынар Ошо молдону. Динди жаман корсонор жаназамды окубай эле жерге койгула дегиле анда
+2
asha302
2018-09-01 11:14:15
jike, урматтуум арабдарды жана алардын маданиятын үлгү кылган менен таза динди кармоо бул эки башка нерсе
+2
zhaku2017
2018-09-01 11:22:56
jike,Нике жаназа окуганынарды колко кылбагылачы. Жаназа бул болгону ошондой ырым жырым, жаназа окуп койсо эле олгон адам тирилип кеткен эмес. Нике окугандын баары бактылуу кетишкен жок тескерсинче ошолор коп ажырашып жатат
-1
asha302
2018-09-01 11:11:24
Кыргыздар азыр биз маданий, илимий, саясий, адабий деги койчу бардык жактан суусап турабыз. Бул мамлекеттин алсыздыгы же кайдыгердигинен кабар берет. Ошондуктан учурда ар ким өз билгенин кылып жатат. Башкача айтканда биз ээрчиме эл болуп калдык. Бири орус, бири корей, бири араб, бири түрк болуп кетти. Албетте ар бирибиз өзүбүздөн башташыбыз керек дечи бирок ошентсе дагы мамлекет качан өзүнүн дүйнөлүк аренада өз ойу болмойун бир нерсе деш кыйын
+3
Mirlan27011987
2018-09-01 14:32:03
Осмон империясында турктой далай геноцид жасашкан
+3
trabzon11
2018-09-02 10:20:41
Mirlan27011987,1915-жылы Осмон имприясынын
Жерине армяндар озунчо мамлекет куруп
алышкан.Ошондо армяндарды ал жерден кууп
Чыгуу учун айласыздан Аларга кыргын салган.
Орустар бизди геноцид кылганын кеп кылган
Эч Ким жок дагы турктордун армяндарга кылган
Геноцидин кеп кылабыз..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан