Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы №96 мектептин имаратынын салтанаттуу ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысы мектептин жамаатын жана окуучуларды Билим күнү жана жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады.
Президент белгилегендей, Билим күнүндө республика боюнча 27 жаңы мектеп пайдаланууга берилип жатат. Жылдын аягына чейин дагы 52 жаңы мектеп окуучуларды кабыл алат.
"Мына ошол жаңы билимканалардын арасында бүгүн салтанаттуу түрдө ачылып жаткан силердин мектебиңер да бар. Билимдин башаты балдар бакчасынан башталып, пайдубалы мектепте курулат. Ар бир жаңы мектеп — бул илимге-билимге, келечекке жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө карай салынган даңгыр жол. Биздин негизги милдетибиз — сапаттуу билим, келечектүү жаштар жана бийик адамдык касиетке ээ болгон, эркин жана өз оюн так жана ачык айта алган жаңы муунду даярдоо.
Ар бир баланын таланты, шыгы жана өнөрү жакшы тарбия жана мыкты билим бергенде гана ачылат. Ошондуктан педагог-тарбиячылар, ата-энелер биргелешип, жаңы муунду тарбиялоо жоопкерчилигин татыктуу жүзөгө ашырууга тийиш. Силер өлкөбүздүн келечегисиңер. Канчалык билимдүү, маданияттуу, акылдуу, адептүү жана мекенчил болсоңор коомубуз да ошончолук тазарып, өлкөбүз өнүгө баштайт", - деди Сооронбай Жээнбеков.
Бүгүн республиканын бардык мектептеринде Билим күнү белгиленүүдө.