Кечээ, 31-август күнү Бишкекте Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгы белгиленди. Майрамдык салтанат аяктаган соң "Тазалык" ишканасынын жумушчулары 10 тоннага жакын таштанды чыгарышты. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.
"Тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн 9 атайын техника тартылган. Алардын алтоо таштанды чыгаруучу, үчөө көчө жууган унаалар. 2017-жылы да 31-августта ушундай эле көлөмдөгү таштанды чыгарылган", - деп билдирди маалымат кызматы.
Майрам учурунда борбордук "Ала-Тоо" аянтынын аймагына 50 желим жана 10 темир таштанды салуучу урналар коюлган. Тазалоо иштери түнкү саат 2:00гө чейин уланган.