Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги жаңы мектептин ачылышына катышты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы №96-мектептин имаратынын салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент мектептин жамаатын жана окуучуларды 1-сентябрь - Билим күнү жана жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, ар бир жаңы мектеп - бул илимге-билимге, келечекке жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө карай салынган даңгыр жол экенин белгиледи.

"Мына ошол жаңы билимканалардын арасында бүгүн салтанаттуу түрдө ачылып жаткан силердин мектебиңер да бар. Билимдин башаты балдар бакчасынан башталып, пайдубалы мектепте курулат", - деп билдирген.

Билим майрамына шаар башчысы Азиз Суракматов, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Салтанаттын соңунда Сооронбай Жээнбеков мектептин директору Гүлянда Асановага окуу китептерин, мультимедиялык жабдыктарын жана керектүү спорт жабдыктарын сатып алууга 300 миң сомдук сертификат тапшырды.

Айта кетсек, Ак-Ордо конушундагы №96-мектеп азыркы стандарт боюнча 960 окуучуга ылайыкталган. Имарат колдонууга 2018-жылдын август айында берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tolkun555
2018-09-01 18:57:28
Ушундай кубанычтуу кундор ачылыштар коп болсун.Жараткан Кыргыз элиме береке берсин.Келечегибиз болгон балдарыбызга ден соолук пайдалуу илим билим берсин.Президентибизге адилеттуулукту берсин.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан