Биз социалдык тармакта

Ысык-Көл аэропортунда чет элдик конокторду тосуп алуу үчүн 3 боз үй тигилген

Ысык-Көл аэропортунда чет элдик конокторду тосуп алуу үчүн 3 боз үй тигилген. Бул тууралуу III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу катчылыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, масштабдуу спорттук иш-чарага катышуу жана көрүү үчүн келген чет элдик меймандарды улуттук кийим кийген кыздар тосуп чыгышууда.

"Ысык-Көл" аэропортуна эң маанилүү деген меймандар келип түшөт. Көчмөн кыргыздардын образын берүү үчүн аэропорттун аймагына өзгөчө конокторго үч боз үй тигилди. Бул коноктор үчүн учактан түшөрү менен биздин маданиятыбыз менен таанышканга жакшы мүмкүнчүлүк", - деп билдиришти катчылыктан.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүгүн, 2-сентябрда башталып, 8-сентябрга чейин уланат.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Lutfulla
2018-09-02 10:25:51
Эн соонун
+1
talaa11
2018-09-02 12:19:06
Кызыл горпо бырышып калыптыр ондоп койгула буручун
-2
turmus
2018-09-02 13:32:33
Ээх кайран кыргызым! Копкондордун оюнуна деп эмне деген карызга батырып атышат. Бул боз уйлордун алпарып тигилгени канча расход? Кем дегенде 7000$ рассход!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан