Ош шаарында эл ташып бараткан маршруттук такси көпүрөдөн түшүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG'ге ОШ ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков кабарлады. Кырсык 2-сентябрь күнү саат 12:00 чамасында Алишер Навои атындагы көчөсүндө жайгашкан көпүрөдө болгон. Сыдыков кырсыктан 6 адам жаракат алганын айтты.
"102-каттамдагы маршруттук таксинин айдоочусу эл ташып баратып көпүрөдөн түшүп кетти. Айдоочунун айтымында, ал унааны башкара албай калып, алдында бараткан Хонда Фитти сүзүп андан кийин көпүрөдөн түшүп кетиптир. Кырсыктан 6 адам жаракат алды. Алардын арасынан 48 жаштагы жүргүнчү аялдын абалы оор, колу-буту сынып облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди", - деди Сыдыков.