Кыдырата тизилген боз үйлөр, жайлоодо жаңырган улуттук музыка... Кырчын жайлоосу оюндарды өткөрүүгө даяр

Кырчын жайлоосу III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн мелдештерди, маданий иш-чараларды өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучу тобунун өкүлү Бегайым Чокоева SUPER.KG порталына кабарлады.

Айтымында, жайлоого миңге жакын боз үй тигилген.

"Боз үйлөрдү ар бир аймактан келген маданий иш-чаралардын катышуучулары өздөрү тигишти. Баары жасалгаланган. Тигилген боз үйлөрдүн аймагы, кайсы аймактын өкүлдөрү тиккенге жараша аталат. Маселен "Бишкек Ордо", "Ош Ордо", "Хан Ордо" жана башка ордолор бар. Бүгүн Кырчындагы оюндардын ачылышына толугу менен даярбыз", - деди Чокоева.

Ал эми бул жайлоого Ош шаардык мэриясынан келген, журналист Азамат Абсаттаров порталга сезимдери тууралуу төмөнкүчө бөлүштү.

"Лирикалык сезимдерди же бир көркөмдүктү кошпой эле айтайын, чынында абдан жагымдуу сезимдер болуп жатат. Көчмөндөр оюндарына биринчи жолу келдим, жайлоого келгенде алыстан эле мага катар тизилген боз үйлөр Кыргыз жыттанган айылдын элесин берди. Жакындап келгенде боз үйлөрдөн түтүн чыгып, улуттук музыка жаңырып, айланадагылар улуттук кийимдерди кийим жүргөнүн көрдүм. Бул көрүнүштү байкап кыргыз экениме дагы бир жолу кубанып, сыймыктанып, күч алып турдум. Таза аба, таңда турсаң жапжашыл жайлоо мунун баары адамдын маанайына таасир берет экен", - деди Абсаттаров.

Ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн ханайымы аталган жайлоого келген башка өлкөлөрдүн ханайымдары, премьер-министрлеринин жубайлары менен андагы даярдыктар менен таанышып жүргөнү маалым болду. Учурда жайлоодо комуз күүсү, улуттук музыкалык аспаптар чертилип, "Манас" эпосунан үзүндү айтылып майрамдык маанай уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aigerim.95
2018-09-04 02:15:24
Керемет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан