Биринчи жеңиш! III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргыз улакчылары Монголиянын командасын ири эсепте утуп алды
Бүгүн, 3-сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү боюнча мелдеш старт алды. Алгачкы беттеште Кыргыз курамасы Монголияга каршы күч сынашты. Беттештин алгачкы мүнөттөрүнөн кыргыз курама командасы эсеп санын ачып, 5 мүнөттө эсепти 6:0 кылып койду.
Ал эми монголиялыктар татыктуу каршылык көрсөтө алган жок. Беттештин жыйынтыгында эсеп саны 29:5 болуп, кыргыз курама командасынын жеңиши менен аяктады.