Түрк тилдүү мамлекеттердин жаштары бири-бири менен кызматташуусу керек. Мындай сунушту Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммитинде айтты.
Ал жаш лидерлер Түрк тилдүү мамлекеттердин баалуулуктарын таанышы керек деген пикирде.
“Түрк тилдүү мамлекеттердин жаш лидерлеринин саммитин өткөрүүнү сунуштайм. Алар түрк дүйнөсүнүн маданий, тарыхый жерлерин көрүшү керек. Биз түрк дүйнөсүнө жакындашуу үчүн латын арибине өттүк. Менин демилгем менен Түркстан шаарын негиздедик. Силерди да түрк дүйнөсүнүн алдыга жылышына салым кошууга чакырам”, - деди Назарбаев.
Назарбаев 2017-жылы кириллицадан латын арибине акырындык менен өтүү боюнча буйрук чыгарган.
Саммит учурда Чолпон-Ата шаарында өтүүдө.