Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Мурза Суранов өзүнүн баракчасына жол боюнда унаанын ичинде уктап жаткан Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын инспекторлорунун видеосун жарыялаган.
Анын жазганына ылайык, видео 29-августта Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев жана Манас кең көчөсүнүн кесилишинде саат 17:25те тартылган.