Көчмөндөр оюндары: Казакстан менен Красноярск курамасынын көк бөрү боюнча оюну болбой калды

Казакстан менен Красноярск курамасынын көк бөрү боюнча оюну болбой калды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 3-сентябрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурдин Султамбаев кабарлады. Анын айтымында, Казакстандын курамасы оюнга келген жок.

Буга чейин айрым интернет колдонуучулар социалдык түйүндөргө Казакстан курамасы оюнга каршылык жазып, беттешке чыгуудан баш тартканын жазып жатышкан.

"Казак командасынын каршылык жазган каты бизге келе элек. Жазган же жазбаганын айта албайбыз. Бирок бүгүн Красноярск курамасы менен ойношу керек эле, келишкен жок. Мындай учурда келбей калган команда жеңилди деп саналат", - деди Султамбаев.

2-сентябрь күнү чүчү кулак тартышууда 12 команда 4 тайпага бөлүнүп ойномокчу болушкан. Чүчү кулактын жыйынтыгында "А" тайпасына Кыргыз, Алтай жана Монголия курамалары, "Б" тайпасына Москва, Кытай жана Ооганстан, "С" тайпасына АКШ, Казакстан, Красноярск, "Д" тайпасына Башкортостан, Франция жана Өзбекстан курамасы кирген.

Бүгүн кытайлык команда мандаттык комиссиядан өтпөй калып, жыйынтыгында мелдеште жалпы 11 команда калган. Ал эми Кыргыз курама командасы өзүнүн алгачкы беттешинде Монголиядан келген команданы 29:5 эсебинде утуп алган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kychtyy
2018-09-03 15:33:55
Мммм. Жаман эле болуштуго. Эми казахстан экспого окшогон бир нерсе уюштурса биз дагы барып ото кайдыгер мамиле кылсакбы,оюнга чыкбай коюп. Бул недеген корунуш. Озулору откорушсо ХХХХХ ХХХХХ Эми сыйлап чакырышса экинчи состав менен и еще аттары жок келишет. Бул ото эле аша чапкандык, сыйлабагандык. Дуйнодо эки эле гана улак чабат. Анын бириси мынтип чапкылары келбей оюнду бузушса,бизделе ошендой мамиле кылышыбыз керек буларга. Коркбой эле женилгенди жер которот деп ойной беришсе
+6
baihan07kenjetaev
2018-09-03 16:54:43
Казактар бир сөз менен айтканда коркушту, мурунку көчмөндөрдө утулуп калышып анда да айтып чыгышкан экинчи командабыз келди деп, туушкандардан баарын күтсө болот.
0
TalaCSKA
2018-09-03 18:00:38
Коросунорго кайра бизди куноолоп чыгат ХХХХХХХХ казактар спортивный принцип кайда ??? ХХХХХХХХХХХ
+1
kokboru
2018-09-03 23:29:22
ХХХХХХХХХХХХ Анан дагы көк бөрүнү биздин улүттук оюн деп алгандарына күйөсүн.Кана силердин оюнуңар болсо, дүйнөнүн бүлуң бурчунжа өтүп жатса да барбайсыңарбы өзүңөрдүн оюнуңарды,намысыңарды коргош үчүн.Биздин азаматтар ( улакчыларыбыз) бул көкбөрү кай жерде болбосун барышат буйруса.ХХХХХХХХХХ
0
admin_superstan
2018-09-04 10:43:22
kokboru, TalaCSKA,
Такталбаган маалыматтарды жазып, түшүнбөстүк жаратууга тыюу салынган! Билдирүүлөр түзөтүлдү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан