“Биз өзүбүздү Атилланын небереси деп эсептейбиз". Мындай пикирин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин саммитинде айтты.
Ал Венгрия буга чейин Азербайжан жана Түркия менен тыгыз мамиледе болуп келгенин баса белгиледи. "Биз НАТО менен Евробиримдиктин мүчөсүбүз. Биз түрк тектүү христиандарбыз. Улуттук баалуулуктарыбыз менен сыймыктанабыз. Силер менен бир болуу биз үчүн сыймык. Түркия, Азербайжан менен стратегиялык деңгээлде мамиле түзүп келебиз. Кыргыз жери менен да мамилени жандантуу оюбуз бар", - деди Орбан.
Венгрия аталган саммитте Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин туруктуу байкоочусу статусуна ээ болду.