Кыргыз жеринин сулуулугуна дагы бир ирет суктанып алыңыз. Сары-Челек жана Кыла-Көлүнөн фоторепортаж
Деңиз деңгээлинен 1 миң 878 метр бийиктикте жайгашкан Сары-Челек коругун барып жанынан көргөндөрдүн саны жылдан жылга көбөйүүдө. Бул аймактагы жашоочулар буга чейин аталган корукка баргандардын көпчүлүк бөлүгүн жергиликтүү тургундар түзгөнүн, акыркы жылдарда өлкөнүн башка облустарынан жана чет элден келген туристтердин да саны көбөйүп жатканын белгилешти.
Түстөрдү айкалыштыруу боюнча жаратылыш мыкты чебер экенине бул сүрөттөргө көз чаптырып ынаныңыз.
Коруктун айланасында Сары-Челек көлүн кошкондо жалпысынан 7 көл бар. Алар: Кыла-Көл, Ийри-Көл, Чөйчөк-Көл, Арам-Көл, Туюк-Көл, Бакалы-Көл. Жергиликтүүлөр билдиришкендей, Сары-Челек көлүнүн жанында "Тоскоол-Ата" мазары орун алгандыктан көлдүн аты дагы Тоскоол-Көл деп аталып калган дешет.
Жогоруда аты аталган көлдөрдүн баарын кыдырып көрүп чыгуу үчүн көп убакыт жана күндөр талап кылынары белгилүү болду. Ошол себептен бул ирет Сары-Челек көлүнө жакын жайгашып, тыптынч жаткан Кыла-Көлүнөн сүрөттөрдү тартуулайбыз. Балык уулоого тыюу салынгандыктан алардын ээн эркин сүзүп жүргөнүн сүрөттөрдөн байкасак болот.
Сүрөттө турган аркадан өтүп Сары-Челек коругуна киресиз, анан атайын посттон акча төлөп өтө тургандыгыңызды дагы айта кетели. Чөп чабылып жыйналып жаткан кез. Жолдо бара жатканда булактарды көрүүгө болот. Керемет көлгө алып бара турган жол оңдоп-түзөөдөн өтүп жатканы да кубандырат.