Атамбаевдин тушунда Түркиянын Кыргыз өлкөсүнө айрым талаптарды коюусу мамлекеттин ички иштерине кийлигишүү деп кабыл алынган. SUPER.KG порталынын "Жээнбековдун Эрдогандын талаптарына макул болуусун туура деп эсептейсизби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев жооп берди.
Эл өкүлү "Сапат" билим берүү мекемеси Кыргыз бийлиги менен Түркиянын мамилесине эч качан залакасын тийгизбеши керектигин айтты.
"Себат" билим берүү мектептери жаңы ачылып жаткан кезде түрк бийлиги аталган мекемелердин ачылышын колдоп келген. Ал тургай түрк бийлигинин жетекчилеринин расмий иш сапарларында "Ата-Түрк" университетине жана башка билим берүү мекемелерине сапар жасашып, аталган билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүн колдоо боюнча өздөрүнүн суранычтарын айтып келишкен. Бирок ФЕТӨ уюмуна байланыштуу Түркиядагы төңкөрүш окуяларынан кийин Түркия бийлиги биздин өлкөгө аталган уюмга байланыштуу бир тараптуу талапты коюп келет. Биздин өкмөт "Себат" билим берүү мекемесин "Сапат" деп өзгөртүп, Билим берүү министрлигинин катышуусу менен түзүмдүк жактан жаңыланган. "Сапат" мектептери көп жылдан бери иштеп келгендиктен өлкөдөгү билим берүү тармагында өз ордун тапкан. Анын бүтүрүүчүлөрү эл аралык олимпиадаларда алдыңкы байгелерге жетип, жогорку сапаттуу билим берүүчү мектеп экени далилденген. Аталган билим берүү мекемеси Түркия менен Кыргыз бийлигинин мамилесине эч качан залакасын тийгизбеши керек. Бул үчүн сүйлөшүүлөр дайыма жүргүзүлүшү шарт. Эгер аталган мекеме же андагы иштеп жаткан мугалимдер кандайдыр бир террордук уюмдар менен байланышы бар болсо буга ачыктан ачык далил керек. "Маариф" фонду боюнча айтсам, аталган фонд Кыргыз өлкөсүнө билим берүү мекемелерин кура турган болсо Кыргыз тарап бул үчүн ачык болуусу керек. Мисалы, бизде чет элдик көптөгөн билим берүү мекемелери бар. Эгер "Маариф" фонду тарабынан жаңы мектептер ачылса, анда "Сапат" билим берүү мекемесине карата кандайдыр бир кысым жасалганы туура эмес", - деди Казакбаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошева, мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, эксперт Руслан Акматбеков жана жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.