Анкарада 21 жаштагы кыргыз кыз апасы менен уруша кеткенден кийин жүрөк оорусу кармап каза болду

Анкарада 21 жаштагы кыргыз кызы жүрөк оорусунан улам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 3-сентябрда Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчилигинен кабарлашты. Маалым болгондой, кыз курдаш кыздары менен эс алуудан келген соң апасы менен уруша кетип, өз бөлмөсүнө кирип кеткен соң каза болуп калган.

"Апасы бизге "кызым жүрөк оорусу кармап каза болуп калды" деп кайрылды. Анын айтымында, кызы курдаш кыздары менен эс алуудан келгенден кийин экөөнүн ортосунда пикир келишпестик болуптур. Андан көп өтпөй кыз өз бөлмөсүнө киргенден кийин каза болуп калыптыр. Алар Чүй облусунун тургундары болот экен. Бүгүн "Пегасус" компаниясы менен сүйлөшүп, кыздын сөөгүн Стамбулга жибердик. Андан ары Бишкекке алып кетишет. Аталган компания кыздын сөөгүн акысыз жеткирет", - деп билдиришти элчиликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
madina.87
2018-09-04 02:55:36
Жаман жүрсө жакшы бол дегендирда апасы да,байкуш төрөп өчүрүп,кайра азабын тартып эне байкуш....
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан