Бүгүн, 3-сентябрда Кырчын жайлоосунда этно фестивалдын ачылышы орун алды. Анда чет элдик туристтер SUPER.KG порталына сезимдери менен бөлүштү.
Антигуа жана Барбудадан келген Кристиан Висфорд: "Мен Кыргыз өлкөсүнө экинчи жолу келип жатам. Антигуа жана Барбудадан келдим. Мага бул өлкө жагат, жалгыз келген жокмун. Досторум менен келдим. Кырчында болуп жаткан фестиваль абдан жагып жатат".
Ал эми Улуу Британиядан келген Эдриен жана Клер Кыргыз жергеси, бүгүнкү оюн тууралуу буларга токтолду. "Алгачкы жолу Кыргыз өлкөсүнө келип жатабыз. Досторубуз менен келгенбиз. Көрсөтүлүп жаткан оюндар, Кырчындагы атмосфера мыкты. Кыргыз элинин меймандостугун баса белгилеп кетсем болот. Бизге жагып жатат", - дейт Эдриен жана Клер.