"2 жыл мурун төрөттөн каза болгон эжемдин соттук тергөө иши азыркыга чейин бүтө элек" дейт маркумдун сиңдиси

Төрөттөн каза болгон Нуржан Аманова2017-жылы 2-январда төрөттөн каза болгон Нуржан Аманованын окуясы боюнча соттук тергөө азыркыга чейин бүтө элек. Бул тууралуу маркумдун сиңдиси Кайыргүл Аманова SUPER.KG порталына билдирди.

"Эжемдин дарыгердин шалаакылыгынын айынан төрөттөн каза болгонуна 2 жылга жакындап калды. Соттук отурумдар улам сайын жылып кете берип, Жогорку Сотко чейин кайрылганбыз. Андан да жыйынтык болбой, кайра эле башында тергеген Сузак райондук сотуна алдырдык. 24-август күнү соттун 3-отуруму болмок. Бирок дагы жылдырып коюшту. Мындан улам президентке, башкы прокуратурага чейин кат жолдодук. Жыйынтык чыккан жок", - дейт ал.

Эске салсак, буга чейин Кайыргүл Аманова эжеси Нуржан Аманова Сузак районуна караштуу Октябрь аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө иштеген Б.С. аттуу дарыгерге текшерилүү үчүн барганын жана дал ушул дарыгер эжесинин өлүмүнө себеп болгонун айткан.

"Дарыгер эжемдин жатын моюнчасына дары салып, андан соң тамчылатма берген. Толгоо келтирүүчү каражаттын үчүнчү дозасы берилгендиктен эжемдин жатыны жарылып кеткен. Жыйынтыгында ичиндеги ымыркай тумчугуп, эжем да каза болуп калды", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан