Эртең өлкөнүн айрым аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин расмий сайты жарыялады.
Маалым болгондой, 5-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүзү жана 6-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Аба ырайынын температурасы түнкүсүн 7-12 градус, күндүзү 21-26 градуска чейин жылуу болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
7-сентябрдан тартып жаан-чачын күтүлбөгөнү менен, абанын температурасы төмөндөшү мүмкүн.