Ч.Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” повести сахналаштырылууда

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры жазуучунун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” повестин сахналаштырууда. Бул тууралуу аталган театрдын басма сөз кызматы 2-июлда билдирди. “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” пьесасынын режиссёру белгилүү тажик драматургу Барзу Абдразаков. Пъесада Орган карыянын ролун КРнын эмгек сиңирген артисти Э.Бекболиев, Эмрайндын образын КРнын эмгек сиңирген артисти М.Козукеев, Мылгундун образын А.Өмүрбеков, башкы каарман Кирисктин образын А.Кыдырмышев аткарат. Кошумчалай кетсек, жыл башынан бери аталган театр Шатман Садыбакасовдун 80 жылдыгына карата анын “Ак боз ат” пьесасын, Молдованын драматургу Иона Друцэнин “Ыйыктын ыйыгы” пьесасын жана Николай Коляданын “Назиктик” пьесасын сахналаштырып коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан