Тажикстанда унаа менен сүзүп өлтүрүлгөн туристтерге эстелик коюлду

Тажикстанда унаа менен сүзүп өлтүрүлгөн туристтердин элесине арналып эстелик коюлду. Бул тууралуу тажик басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Дүйшөмбү шаарынын Дангара районуна караштуу Себистон айыл аймагында террорчулардын колунан каза болгон туристтердин жаркын элесине арналып эстелик орнотулган. Эстеликтин ачылышы 2-сентябрда болуп, веломарафон менен коштолгон. Ага ондогон жергиликтүү жана чет элден келген туристтер катышкан.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 29-июль күнү унааны башкарып бара жаткан террорчулар жолдун чекесинде велосипед тээп бара жаткан чет элдик туристтерди атайылап сүзүшкөн. Бул террордук жол кырсыгынын кесепетинен АКШлык жубайлар Жей Остин жана Лорен Гейган, Нидерланды өлкөсүнүн жараны Рене Вокке, Швейцариянын жараны Хамель Маркус каза болгон. Ал эми Ким Постма жана Дименд Мари оор жаракаттарды алышкан.






РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан