Бишкектеги көчөлөрдүн биринен табылган шектүү баштыктын ичинен кийим-кече жана азык-түлүктөр чыкты

Борбор калаадагы Жибек Жолу жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен табылган шектүү баштыктын ичинен кийим-кече жана азык-түлүктөр чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда SUPER.KG'ге аталган даректе жашаган Айбек аттуу тургун кабарлады.

Белгилүү болгондой, 3-сентябрь күнү кечки саат 21:30дар чамасында Жибек Жолу жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде шектүү 2 чоң баштык калтырылган. Жергиликтүү тургундар коопсуздугуна кабатырланып, бул тууралуу милиция кызматкерлерине билдиришкен. Аталган дарекке келген милиция кызматкерлери баштыктарды ачып, ичин текшерүүгө алган. Натыйжада бир баштыктын ичинен эркек кишинин кийим-кечелери, ал эми экинчи баштыктан сарымсак, күрүч жана желим бөтөлкөгө салынган кургатылган өрүк табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
maks94.kb
2018-09-04 13:46:44
Студенттики эмес бекн
+1
fantastic_baby
2018-09-04 14:12:42
Бир баштык кобун шумга салыптыр да а )) бироо унутуп койгонго ))
+1
Feiza1982
2018-09-04 15:46:59
Шаарга иштейин деп келгенго ...Туугандарыма деп сарымсак, күрүч ала барса керекта айылдан.
0
tima01
2018-09-04 16:03:48
Студенттер алар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан