Бүгүн, 4-сентябрда унаа, турак-жай жана батир, ошондой эле жер (короо-жай, короо жай алдындагы жана бак чарба жер участоктору) салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт. Буга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы салыктарды төлөөгө жетишпей калган жарандарды бүгүн кечкиге чейин салыктардын эсептелген суммасын төлөөгө чакырат.
Салыктарды айрым банк мекемелеринин кассаларынан, төлөм терминалдарынан, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөөгө болот.
Салыктарды өз убагында төлөбөгөндөр үчүн 2000 сом өлчөмүндөгү административдик айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөө мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн туум эсептелмекчи. Салык төлөө мөөнөтү бүткөндөн кийин өз убагында төлөм жүргүзбөгөн жарандарды текшерүү үчүн рейд жүргүзүлөт.