Венада өтө турган сүрөт көргөзмөсүндө экс-президенттин кызы Алия Шагиевага медаль тапшырылат

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы, сүрөтчү Алия Шагиева Австриянын борбору Венада өтө турган сүрөт көргөзмөсүнө катышат. Анда Шагиевага "Тынчтык жалыны" ассоциациясынын медалы тапшырылат. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Маалым болгондой, ал буга чейин көргөзмөгө катышуу үчүн уюштуруучуларга өзүнүн эмгектерин жиберген. Ал эми 31-август күнү ага чакыруу каты менен биргеликте 6-сентябрь күнү сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышында атайын медаль тапшырыла турганы маалымдалган.

Айта кетсек, буга чейин Шагиеванын эмгектери Украина жана Кытайда өткөн эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнө коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
RusMos76
2018-09-04 13:54:33
Ийгилик!
+11
Bazake
2018-09-04 13:58:54
Бул кыздын кимге кызыгы бар(((
-12
monster_high_98
2018-09-04 14:03:59
Bazake,Атамбаевдин кызы болсо эле адам санына кошулбаш керекпи?Оз куйормандары бар Алиянын да
+12
Bazake
2018-09-04 14:09:56
monster_high_98,Макул
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан