"Москвадагы метродо полиция кызматкерин өлтүрдү" деп шектелген кыргыз тектүү жарандын иниси Орусиядагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматовго байланышка чыгып, окуя тууралуу айтып берген. Бул тууралуу диаспоранын өкүлү SUPER.KG порталына билдирди.
"Мага анын бир тууган иниси байланышка чыгып, өзү билген маалыматты айтып берди. Анын айтуусунда полиция кызматкери жаш жана спорт менен машыгып жүргөн экен. Андыктан анын агасы полиция кызматкеринен тапанчаны тартып же жулуп алып, баш сөөккө туштап атуу мүмкүн эмес экендигин билдирди. Учурда шектүүгө жардам керек экен. Мен жактоочу таап бергенге аракет кылып жатам", - деди Кошматов.
"Кылмыш ишине шектелип жаткан Нурлан Муратов - Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айлынын тургуну. Ал ошол күнү жумуштан чыккандан кийин достору менен бир аз ичимдик ичип, эс алышкан. Андан соң үйүнө кетүү үчүн "Курская" метросуна түшкөн. Ал жерден шектүү жаранды полиция кызматкерлери токтотуп документтерин текшерген маалда жанында тийиштүү документтери жок болгон. Себеби ал документтерин андан мурун кеткен аялынын баштыгына салып койгон экен. Мындан улам аны полиция кызматкери бөлмөсүнө алып кирип текшерем деп эшиктин жанына тике тургузуп койгон. Полиция кызматкери башка бөлмөгө кирип кеткенден кийин "тарс" деген үн чыккан. Ошол убакта пол жууп иштеген аял полиция кызматкеринин башынан кан куюлуп жатканын көрүп "Тез жардам" кызматына чалыптыр. Ал убакта шектелип жаткан жаран окуяны өз көзү менен көргөндүктөн күнөөлүү болуп калбайын деп коркуп качып кеткен", - деп айтып берген диаспора өкүлүнө анын бир тууган иниси.
Шектүү жаран ошол күнү үйгө келип окуяны айтып берип, эртеси жумушка бара жаткан жеринен кармалган.
"Полиция кызматкерлери шектүүнү Повелецкая жакка барып эскалатордон чыгып баратканда күрмөсүнөн таанып, кармап кетишкен экен. Ал ошол замат Метрополитендин Башкы прокуратурасына жеткирилген. Учурда сурак ошол жерде жүрүүдө. Шектелген жаран окуя болгон күнү кийип жүргөн кийимдерин алмаштырбай эртеси ошол боюнча эле жумушка кеткен. Анын кийген кийимдеринен кандын тактары табылган эмес", - деди Кошматов.
Белгилей кетсек, Орусиянын Москва шаарындагы метродо 23 жаштагы полиция кызматкерин Орусиянын 43 жаштагы жараны башка атып кеткендиги тууралуу маалымат тарап, окуя 3-сентябрга караган түнү "Курская" станциясында орун алганын орусиялык ЖМКлар жазышкан. Ошондой эле шектүүнүн Баткен согушуна катышканы боюнча да маалыматтарда тарап жаткан.
.