Түркиялык "Маариф" фонду Кыргыз өлкөсүндө билим берүү мекемелерин ачуусу мүмкүн

Түркиялык "Маариф" фонду Кыргыз өлкөсүндө билим берүү мекемелерин ачуусу мүмкүн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргыз өлкөсүнө болгон расмий иш сапарында 12 документке кол коюлган. Аталган документтердин ичинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен "Маариф" фондунун меморандуму да бар.

"Кол коюлган меморандум "Маариф" фонду тарабынан Кыргыз өлкөсүнө билим берүү мекемелерин ачуусуна шарт түзүп берүүнү көздөйт. Дагы башка шарттар биргеликте иш алып баруунун жүрүшүндө такталат. Ошондой эле "Маариф" фондунун ишмердүүлүгү жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга долбоор даярдоо үчүн эки тараптын өкүлдөрү кирген жумушчу топ түзүлөт", - деп министрликтен билдирди.

"Маариф" фонду Түрк мамлекетине баш ийет. Буга чейин Кыргыз тарапка Түркия "Сапат" (мурунку "Себат") билим берүү мекемелеринен баш тартып, аталган фонддун мекемелерин ачууну сунуштап келген. Себеби буга чейин "Сапат" Түркияда экстремисттик деп табылган "Кызмат" уюмуна таандык деген маалымат тараган.

Мындан сырткары Билим берүү министрлигинин билдиргенине ылайык, эгерде "Маариф" фонду Кыргыз өлкөсүнө билим берүү мекемелерин ачып калса, алардын ишмердүүлүгү "Сапатка" эч кандай таасирин тийгизбейт.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан