Өзбекстандан Кыргыз өлкөсүнө 5,3 миллион долларды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды

Өзбекстандын коопсуздук кызматы Кыргыз өлкөсүнө мыйзамсыз 5,3 миллион долларды алып өтүүгө аракет кылган 3 жаранды кармады. Бул тууралуу өзбек маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган жарандар Жаңы-Коргон (Янгикурган) районунун Гязнун конушундагы Кыргыз-Өзбек чек арасынан кармалышкан.

"Алар эки жеңил унаа менен акчаны алып, жолдо бара жаткан жеринен кармалышкан. Шектүүлөрдүн бири мындай иш менен көптөн бери алектенип жүргөнүн, ал үчүн жакшы суммадагы акчаны аларын айтып, күнөөнү моюнга алган. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Munar92
2018-09-04 19:22:59
Ошоончо акчаны каякка алып барат. Банктанле малым койбойбу
0
patiydin
2018-09-04 20:17:47
Озбектер банктары акча которуу боюнча чектоолору бар. Ошондуктан банктан чеги менен эле сала алат.
+1
Blackmoon
2018-09-04 21:34:06
Каап алып өтүш керек эле да биздин таможный кармап алса жыргайт эле
0
Tuke8686
2018-09-05 02:22:44
Blackmoon,
Биздикилер азырак алып кой берип жибермек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан