Бүгүн, 4-сентябрь күнү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда улуттук кийимдердин түрлөрүн көрсөтүү боюнча сынак өткөрүлдү. Анда ар бир облустан келген дизайнерлер улуттук калориттеги кийимдердин жаңы үлгүлөрү менен тааныштырды.
Сынактын жүрүшүндө Ош шаарынан келген дизайнерлер улуттук кийимдердин 80ден ашуун түрүн көрсөттү. Анда бийкечтерге, айымдарга, улгайган аялдарга, балдарга, аксакалдарга, жигиттерге таандык көчмөн элинин доорлорун чагылдырган улуттук кийимдер көрсөтүлдү.