СУПЕРСТАН: "Кош бойлуу экениңизди билгенде..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кош бойлуу экениңизди билгенде..." деген тема талкууга алынган.

Автор: "Мен турмушка 22 жашымда чыгып, эки айдан соң боюмда болду... Ар бир эле аялзаты жашоодо энелик милдетти аткаргысы келет экен, мен дагы башкалардай бул күндү күтүп эки көзүм төрт болуп жүрдүм. Ай, жума сайын текшерем, жок, бир күнү эле тесттен бар экенин көрсөттү. Мен байкуш аябай сүйүндүм, ал эми жолдошум мен ойлогондон башкача кабыл алды. Турмушка чыга элек кезимде мелодраманы, романтиканы көп көргөн окшойм, аябай сүйүнөт деп элестетчүмүн, "и-ий, бар бекен" деп коюп жыргап тамак жеп отурат. Мен отурарга жер таппай, кубанганымдан ары-бери чуркап жүрөм. Кийинчерээк УЗИден кыймылын көрүп, ичимдин билингенин байкап мамилеси кыйла өзгөрдү" деген билдирүүсүн калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Мен деле ал жумуштан келгенге чейин чый-пыйым чыгып, тестти улам барып карап коюп, тим эле бирөө уурдап кетчүдөй, келгенде айтсам, жылмайып эле тим болгон. Эч нерсе дебей койгон".

- "Биринчи наристебизде жолдошум мени тегеретип алып бийлеген. Бирок, тилекке каршы, балабыз чарчап калган... Экинчибизди укканда, "ии бар бекен, айтпа эч кимге" деп койгон. Азыркыга чейин 3 ай болсо деле сүйүнбөйт, тескерисинче, корком дей берет. Мен кубансам эле "антпе, жөнчү" деп тыйып турат. Өзүмчө, жалгыз эле бактылуу болгонго туура келип жатат".

- "А мен биринчи боюмда болгонун УЗИге келгенде уккам. Жолдошум жанымда эмес эле. Менин ичимде азыр кичинекей жүрөкчө согуп жатат болду бекен деп өзүмчө эле сүйүнүп алгам. Күз эле, салат кайнатабыз деп камынып жатканбыз. Кайненеме айтсам, салкын эле кабыл алган. Мен оюмда "Кудай жалгасын балам, эсен-аман төрөп ал" деп айтып, эки бетимден өбө калат го дегем. Жолдошума айтсам ал дагы бир ишенбей, кайра араң ишенген. Кантсе да алгачкы кош бойлуу болгонуң, биринчи жолу наристеңди колуңа алып эмизгениң өзүнчө эле баа жеткис бакыт эмеспи. Ылайым Алла Таала адам пендесин ушундай бакыттардан кем кылбасын".

- "Мен сүйүнгөнүмдөн аябай ыйлагам, жашым тамып эле жатат, тамып эле жатат, бул кулактан тиги кулакка чейин оозум жыйылбай, баспай эле учуп жүргөндөй абалда болгом. Себеби биз аябай күткөнбүз".

- "Мен турмушка чыкканда 1 айдан кийин боюмда болду. Анда да температура болуп барып, боюмда бар экенин ооруканадан билгенбиз. Жолдошум экөөбүз тең аябай сүйүнгөнбүз. Үйгө келе жатып машинада таякебизден уялып бири-бирибизди карап кубанычыбызды жүзүбүздөн билдиргенбиз".

- "Мен турмушка чыккандан кийин бир жылга чейин бала жөнүндө ойлонбой эле жүрө бериптирмин. Жолдошум тымызын күтчү экен. Анан гана ойлоно баштабадымбы. Кыз кезибизде жарым жылаңач, жука кийинип эле жүргөндүн "пайдасыбы" укол алып, дары ичип жатып араң боюмда болду. УЗИге барып билгенден кийин сүйүнгөнүмдү айтпагыла. Үйгө келип эле жакшы маанай менен сүйүнүп килейген үйдүн баарын жыйнап чыктым. Кеч киргенде эле бети башым биртке кызарымыш этип жаткан, жаман деле ойлогон жокмун. Түндө ичим ооруганынан ойгонсом козголуп калыптыр, чыдабай, кайненем "Тез жардам" чакырып төрөт үйүнө алып барып, баламды сактап калдык. Ошон үчүн 3 айга чейин акырын кыймылдап, сак болуш керек экен".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан