Бишкек шаарында жаңы аллея пайдаланууга берилди

Бишкек шаарынын Байтик баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде эс алуу үчүн жаңы аллея пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жаңы аллея "Жашылдандыруу" жана "Тазалык" ишканалары тарабынан жасалгаланып, кооздолгон. Аллеянын айланасы 7 миң 500 түп ар түрдүү гүлдөр менен кооздолгон. Ошондой эле бак-дарактар отургузулган. Мындан тышкары аллеядагы көчөттөрдү сугаруу системи да орнотулуп, отургучтар, таштанды салуучу челектер коюлган.

"Аллеяны жакшыртуу жана көрктөндүрүү иштери улантылууда. Бишкек мэриясы жарандарды тазалыкты сактоого чакырат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан