
Кечээ, 4-сентябрда Орусиянын Сочи шаарында "Жаңы толкун" эл аралык жаш таланттар сынагы старт алды. Сынактын ачылыш аземи атайын "Жаңы толкун" үчүн курулган 3000 кишилик New Wave Hall залында орун алып, анда
Филипп Киркоров, Баста, Сергей Лазарев, Дима Билан, Николай Басков, Валерия жана башка бир топ атактуулар көрүүчүлөргө шаңдуу маанай тартуулашты. Ал эми атайын конок катары "Despacito" чыгармасы менен таанылган
Луис Фонси чакырылган.
Ачылыш аземдин ортосунда сынактын катышуучулары, коноктор жана көрүүчүлөр жакында эле бул дүйнө менен
кош айтышкан орусиялык ырчы
Иосиф Кобзонду эскерип, анын "Мен ишенбейм" чыгармасын угушту.
Бул жолу "Жаңы толкунга" 10 мамлекеттен 15 катышуучу келген. Алар Азербайжан, Армения, Болгария, Греция, Италия, Казакстан, Канада, Мальта, Орусия жана Украинанын таланттары.
Белгилей кетсек, "Жаңы толкун" жаш таланттардын сынагы 2002-жылдан бери өткөрүлүп келет. 2014-жылга чейин Юрмала шаарында болсо, андан кийин Сочи шаарында өткөрүлө баштаган. Буга чейин аталган сынакка Кыргыз өлкөсүнөн Айбек Замирбеков, Арсен катышып 4-орун, ырчы Бек Исраилов 8-орун, Айбек Бакытбеков 10-орун, "Стайл микс" тобу 15-орун, Нурсултан Азыкбаев 4-орунду багындырган. Ал эми быйыл өлкөнүн атынан эч ким катышкан эмес.