Өзбекстанда тилемчилерди жазага тартуу боюнча мыйзам каралууда

Өзбекстанда тилемчилерди жазага тартуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындан ары коомдук жайларда тилемчилик кылгандарды административдик айыпка тартып, эгер дагы кайталанса 360 саатка коомдук жумуштарга же 1 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратуу маселеси талкууланып жатат. Ал эми жашы жете элек балдарды, кары-картаңдарды жана майыптарды мажбурлоо жолу менен кайыр сураткан жарандар 5 жылдан 8 жылга чейин камалат.

Белгилей кетсек, 2014-жылы Түркияда тилемчилик кылууга тыюу салган мыйзам долбоору кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, коомдук жайларда кайыр сурагандарга ири суммада айып пул салынат же эркинен ажыратылат. Ал эми Кыргыз өлкөсүндө тилемчилик кылгандарды аймактык тескөөчүлөр профилактикалык маек жүргүзгөн соң коё беришет. Жашы жете элек балдар үйлөрүнө өткөрүлүп берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dalil
2018-09-05 09:30:11
Бишкекти эми өзбек тажиктер каптайт окшойт анда.
+15
xnurgul_gul
2018-09-05 14:27:32
Dalil,уже каптаган Джалал абад жакта базарга барып калсан жол беришпейт Узбекистан жолу ачылып кенен журот кайыр сурап
+1
nurbek56
2018-09-05 09:32:21
мыйзамы кучуно кирсе Кыргызстанга агып чыгышат экен да ансыз да толуп кетишти кочолорду светафорлордун астын оздоруно питак кылып алышкан бизде да чара корсо жакшы болот эле
+12
maks94.kb
2018-09-05 09:38:26
Биздин жолдор толуп калышат экен да эми
+8
titanik32
2018-09-05 10:14:30
Ансыз да бизде көбөйүп кетишти эле эми сапсим басып калат окшойт өзүбүзгө жол бербей.Ансызда Ошто Өзгөндө башка жактарда светофордун астына сасып толуп кетишти.Бир экөөнү тебелеп уруп кете турган закон чыгарса жоголушаар беле бизден да.Биздикилер эми ушуларга чара көргүлө.Жанакы кадимки диктор Чынара Капарова фейзбукта ушул маселени да көтөрдү эле,жолдун ортосуна чыгып алган тилемчилерге акча бербөөнү.Акча бербесе эле турбай чыкбай калышат эле жолго самсаалап.
+5
rysik79
2018-09-05 10:31:04
Кыргыз менен казака толот лолулор.
+5
Romantik.
2018-09-05 10:53:12
Бизге да керек ушундай мыйзам, ал тилемчилер дээрлик көпчүлүгү жалкоолор,
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан