Кечээ, 4-сентябрда Жогорку Кеңеште "Парламенттик демократия шартында мамлекетти өнүктүрүү: Инвестиция тартуу жана коргоо үчүн Кыргыз өлкөсүнүн экономикалык мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча кызматташуу" темасында Кыргыз-Япон парламенттер аралык форуму өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, депутат Таалайбек Масабиров парламенттик демократия жолун тандап алган Кыргыз мамлекетинде Жогорку Кеңеш бийликтин маанилүү бутагы экендигине токтолду.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Каныбек Иманалиев Японияда бардык маселелер парламентте гана чечиле тургандыгына токтолуп, Кыргыз мамлекетинде парламентаризмди бекемдөө максатында Япония парламентинин тажрыйбасы менен бөлүшүү зарылдыгын айтты.
Япониянын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамура Кыргыз мамлекетине инвестиция тартууда башкы маселе мыйзамдуулуктун, укуктук-ченемдик актылардын так иштеши жана сот акыйкаттуулугу өтө маанилүү экендигин билдирди.