Москванын борбордук көчөлөрүндө футбол күйөрмандарын сүзүп кеткен таксист Чыңгыз Анарбек уулу акталышы мүмкүн. Мындай пикирин бүгүн, 5-сентябрда анын агасы Алмаз Анарбеков SUPER.KG порталына билдирди.
"Инимдин соту августта болуп, аны дагы 2 айга камакка алуу чечими чыккан. Биз тосмо арыз жазуу боюнча прокурор менен сүйлөшүп, жыйынтыгында "иш жабылат" деген жооп укканбыз. Андыктан октябрь айында боло турган соттун чечими менен иним акталып калышы мүмкүн. Апам окуя болгондон бери Москвада болчу, кечээ эле Кыргыз өлкөсүнө келди. Эми сотко жакын кайра кетет", - дейт ал.
Эске салсак, 16-июнда Москванын борбордук көчөлөрүндө мексикалык футбол күйөрмандарын такси сүзүп кеткен. Мындан улам 8 киши жарадар болгон. Айдоочу күнү-түнү иштеп уктабагандыктан унаа айдап баратып уктап кеткенин милиция кызматкерлерине сурак берип жатканда айткан. Учурда жол кырсыгы боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.