Чүйдө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн таксисттин өлүмү боюнча кылмыштын бети дале ачыла элек. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын башчысы Назира Имангазиеванын SUPER.KG'ге кабарлашынча, учурда тергөө иштери улантылып жатат.
"Бир нече жерине бычак сайылган абалда айдоо талаасынан жансыз денеси табылган Ч.Б. аттуу жарандын өлүмүнө шектүү табыла элек. Учурда кылмышка шектүүнү издөө иштери кызуу жүрүүдө", - деп билдирди Имангазиева.
Эске салсак, Ысык-Ата районунун 52 жаштагы тургуну 2018-жылдын 5-августунда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Бул тууралуу маркумдун аялы милицияга арыз жазып, күйөөсүн табууга жардам сураган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, 6-августта дайынсыз жоголгон адамдын унаасы Кант шаарына жакын турган Хунчи айылынан, ал эми 7-августта анын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денеси айдоо талаасынан табылган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.