Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамына Жогорку Кеңештин бардык фракция лидерлерин киргизүү сунушталууда. Аталган сунуштун автору депутат Алтынбек Сулайманов бул демилге парламенттин жоопкерчилигин жогорулатат деген пикирде.
Жогорудагы сунушту камтыган "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 4-сентябрда коомдук талкууга коюлду.
Учурдагы мыйзамга ылайык, аталган кеңешке көпчүлүк коалициянын жана эң көп мүчөгө ээ болгон оппозициялык фракциянын лидерлери кирген. Демилге мыйзамдын ушул бөлүгүнө өзгөртүү киргизүүнү көздөйт.
"Мыйзам долбоорунун максаты - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндө Конституциялык курулушту, эгемендүүлүктү, көз карандысыздыкты жана азыркы мезгилдин чакырыктарынан жана коркунучтарынан Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоого багытталган сырткы жана ички саясат маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу процессинде парламенттик корпустун ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү.
Жогорку Кеӊештин иштеп турган чакырылышынын бардык фракцияларынын лидерлерин Коопсуздук кеӊешинин тутумуна киргизүү өлкөдө демократия принциптерин жана парламентаризмди мындан ары күчөтүү үчүн керектүү шарт болуп саналат", - деп жазылат мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде.
Маалыматка караганда, 2011-жылдын 15-июнунан 2017-жылдын 17-июнуна чейин Коопсуздук кеңешинин (мурунку Коргоо кеңеши) курамына фракция лидерлери кирип келген.
Коопсуздук кеӊеши - бул улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу, Конституциялык кеңеш берүүчү орган.