СУПЕРСТАН: "Кыялыма жетиш үчүн социалдык тармактардан баш тарттым"
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жылдыз болгум келчү, айла жок компьютер чукуп отурам" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Жылдыз болгум келчү, айла жок компьютер чукуп отурам. Өзүбүзгө байкалбаганы менен, башкаларга турмуш кургандан кийин канчалык өзгөргөнүбүз даана байкалат экен. 20 жашымда ырчы, обончу, тамада кыскасы жылдыз болгум келчү. Азыр ал кыялдарым орундалбай калды. Себеби эрте үйлөнүп пландарым өзгөрүп кетти. Башкача айтканда, жашоом "ожидание и реальность" болду. Кимдин жашоосу мага окшош болгон? Айткылачы? Ич ачышабы?" деген суроолорун калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Мен актриса болгум келчү, каяктагы бухгалтердин окуусун окуп, эрте турмушка чыгып пландар өзгөрдү. Азыр эми жоолукту катуу байлап, жеңди түрүп анча-мынча кайнежелерге актрисалык ролдорду ойноп коюп жүрөбүз. Эң негизгиси өзүмө окшогон уул-кызым, ширинтайларым бар жашоом жарык"
- "Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту" Балким, "жылдыз" болбой эле калганың жакшыдыр. Жылдыздын да жылдыздай машакаты бар: аркаңдан микрофон, камерасын алып жазгычтар аңдыйт, элдин баары сени эмне байпак киесиң, чачыңды кандай жасалгалайсың, канча аял алдың, канча күйөөгө тийдиң, ошонун баарын аңдып отурат. Анын үстүнө азыр "тфү" деп түкүрсөң "жылдыздарга" тийген заман эмеспи. Бирок кыялыма жетем деген киши интернет аркылуу деле жылдыз болуп жатышат. Азыркы замандын жетишкендиктери андай мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачык койгон эмеспи".
- "Менин да бала кезимден эле "жылдыз" болсом деген оюм бар, азыркыга чейин. Муну эч ким билбейт. 1-классымда обону, сөзү менен ыр жазып ырдап чыксам, үйдөгүлөрдүн баары күлө берип жатып калышкан болчу. Кийин мектепте ыр жазып жүрдүм, бирок апамдын "койчу, күлкүнү келтирип, сен ыр жазгыч болбой эле койчу, сенден ырчы чыкпайт" дегенинен, экинчи жазгыс болуп, таштап салгам. Азыр эми өзүмдүн жашоом өзүмдүн колумда, эң башкысы күчтүү каалоо болсо каалаганымды жасасам болот. Келечекте обондорду жаратсам деген ой-тилектер бар. Адам жасаганды, адам жасай алат дегендей, менде шарт ушундай болуп калды дебегиле. Азыр да кеч эмес. Ийгилик жылдыз болом дегендерге"
- "А менчи мен, өзүмчө такшалып, билимимди кеңейтип ыр жазып, китеп чыгаргым келчү. Бул нерсенин эрте-кечи жок. Менде үмүт оту өчпөйт, турмушка такшалып, өйдө-ылдыйды көргөн соң деле китеп чыгарса болот деп ойлойм".
- "Ээ мен деле аябай китеп окучумун да, үйдүн чатырына чыгып, жашынып алып окуган күндөрүм ай... Ошондо жазуучу болгум келген. Бир күнү аңгеме жазып баштагам анан эле сөз таппай уланта албай калсам болобу. Чоң дептер ачып жазып баштагам, автору түкүнчө деп, ошол бойдон жаткан аңгеме дептерим бир күн эле жаза калайын деп ача койсом эле чыгармам аягына чыгыптыр, агам улантып бүтүрүп коюптур, ошону менен токтоду. Жазуучулук кыйын экенин, ага да талант керек экенин сезгем, сериал жазгандарга даңк".
- "Мен кичинемден ИИМдин алдындагы академияга окугум келчү, детектив китептерди окуп, берилип элестетип алчумун. Анан 11-класста бул кесип кыздарга жарашпасын түшүндүм. Эми котормочу болгум келет, ошол багытта окууга тапшырдым. Буюрса, аябай жакшы максат койдум. Дүйнө жүзүн кыдыргым келет, көп тил билгим келет анан жан дилим менен аракет кылам. Азыртадан жакшы максат коюп баштадым. Социалдык тармактардын баарын өчүрүп, жалаң окуу жана окуу кылайын деп жатам".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.