Өкмөттүн чек ара боюнча өкүлү: "Барак эксклавын алмаштыруу боюнча эки тарап тең макулдугун берген"

Курбанбай Искандаров"Барак эксклавын алмаштыруу боюнча эки тарап тең макулдугун берген". Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн аппарат башчысынын биринчи орун басары, өкмөттүн чек ара иштери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди.

"Барак эксклавы боюнча иштер уланууда. Иш азыр баштапкы этапта. Акыркы чечим кабыл алынганга чейин дагы көп убакыт бар. Барак ошол бойдон турат. Ага кеткен жолду ачалы деп жатабыз. Бул боюнча катуу аракет жүрүүдө. Жерди алмаштыруу маселеси кийин чечилет. Туура эмес маалыматтарды таратпашыбыз керек. Жер алмашуу болсо кайсы аймак берилери азырынча анык эмес. Бирок жер алмаштырууга эки тарап тең макулдугун берген", - деди Искандаров.

Буга чейин Кыргыз өлкөсүнө караштуу Өзбекстандын аймагындагы Барак эксклавы Кара-Суу районундагы ошол сыяктуу аймакка алмаштырылышы мүмкүн деген маалымат тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
titanik32
2018-09-05 15:38:13
Өткөн айларда ушул Барак айылын алмашат деген сөздөр уу дуу жүрүп жатканда,ким айтса да бок жептир алмашылбай деген элеңер го.Эми алмашат деп калыпсыңар,элдин ою менен ойнойсуңар да тим эле акылдуу болуп.Нары жак бери жактарды эки жактын кызыкчылыгын карап иш кылгыла,бир тарап Өзбекстанга карап чечип койбой.Напсиңар жаман эле биртке акчаны көрүп азгырылып,силерден сураныч Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн на совесть иштегилечи.Бизде Шахимардан анан Сох анклав кандай пайда болуп калган ким билет?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан