III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын мүчөсү Союзбек Надырбеков 4-сентябрь күнү сүйүктүүсүнө баш кошкон. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына өзү билдирген. Тойдун кандай өткөндүгү тууралуу ал төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Биздин той Кыргыз өлкөсүндөгү тарыхый күндөрдүн биринде болду. Көчмөндөр оюндарынын автору бойдок мырзаларга "ушундай жакшы күндө үйлөнбөйсүңөрбү" деген сунуш айтты. Мындай сунушту укканда ким макул болот деген ой болгон. Кийинчерээк катчылыктын жетекчиси "сенин үйлөнүү тоюңду өткөрөлү, баарын уюштуралы" деди. Башында мен "эксперимент жасоочу эмесмин" деп макул болгон эмесмин. Ойлонуп көрсөм, чын эле мындай мүмкүнчүлүк ар бир адамга буюрбайт экен. Анан сүйлөшкөн кызыма айтсам, ал дагы кубануу менен кабыл алып, макул экенин айтты", - дейт Надырбеков.
Той ээсинин айтымында, ал учурдагы заманбап үйлөнүү тойлорду жактыра бербейт. Мындан улам кыргыздын эзелки салтын карманып той өткөрүүнү кыялданып келгенин айтты.
"Азыр көпчүлүгү каражаты жетпесе насыя алып, кортеж, фуршет уюштуруп, дүңгүрөтүп той берип калышпадыбы. Менин тоюм ошол катардагы окшош тойлордой болбосо экен, элибиздин ыйык туткан салт-санааларын, ырымдарын колдонуп үйлөнсөм деп кыялданчумун. Насип буюруп, жубайым экөөбүздүн тоюбуз тарыхый күнгө туш келди. Үйлөнүү тоюбуз 18-19-кылымдардагы учурду чагылдырды. Анда түндүк тарап түштүк тарапка кыз бергенин көрсөттүк. Кийген кийимдерибизди атайын ошол кылымда кийилген кийимдерге окшош кылып тиктирдик. "Жар-жарды" дос-курбуларыбыз айтып, өпкө чабылды. Айтор, бардык ырым-жырымдар көрсөтүлдү. Үйлөнүү той "Кийиз дүйнө" ордосунда өттү. Биздин башкы максатыбыз калың журттан бата алуу болду. Анткени "канчалык көп бата алсаң, турмушуң жакшы болот" деген түшүнүк бар эмеспи.
Ал эми III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген чет өлкөлүктөр менин үйлөнүп жатканыма ишенбей жатышты. Башында шоу деп ойлогону менен, иш жүзүндө чын экенин билгенде "көчмөндөр оюндарына келип үйлөнүү тойдун күбөсү болорубузду күткөн эмеспиз" деп таң калганын жашыра алышкан жок", - деди ал.
Жаш түгөйлөрдүн үйлөнүү тою тууралуу даректүү тасма дагы тартылган. Союзбек Надырбеков мындан сырткары тасмада байыркы кыргыз элинин кудалашуу, сөйкө салуу, келин алуу, анын ичинде унутулуп, колдонулбай калган ырымдар жана үйлөнүү тойдогу эрежелер, өзгөчөлүктөр баяндаларын кошумчалады.