Монголия бийлиги ФЕТӨ уюмун "кара тизмеге" киргизет

Монголия бийлиги ФЕТӨ уюмун "кара тизмеге" киргизет. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Монголия бийлиги Түркияда экстремисттик деп табылган ФЕТӨ уюмун "кара тизмеге" киргизип, уюмдун мүчөлөрүнө визанын мөөнөтүн узартуудан баш тартат.

Түрк-монгол мамилеси Монголия тарап гүленчил уюмдун активдүү мүчөсүн Түркияга экстрадициялоодон баш тарткандан баштап чыңала баштаган. Бул окуядан кийин түрк бийлиги ФЕТӨ уюму эки өлкөнүн мамилесинин начарлашына алып келерин айткан.

Буга жооп кылып Монголиянын Түркиядагы элчиси Равдан Болд төмөндөгүлөрдү билдирген.

"Түркия - биздин маданияты, салт-санаасы окшош жакын коңшубуз. Бул өлкө менен болгон мамиле абдан маанилүү. Монголиядагы ФЕТӨнүн 5 мектеби Билим берүү министрлигине өткөрүлүп, жеке жактар үчүн визанын мөөнөтү узартылбайт. Биздин өлкөдө экстрадициялоо системи жок болгондуктан гүленчил уюмдун мүчөсү өткөрүп берилген жок. Бирок визанын убактысы бүткөндө алар өлкөнү таштап кетүүгө мажбур болушат. Биздин бийлик ФЕТӨ уюму көпчүлүк өлкөлөрдүн "кара тизмесинде" экенин көрүп турат", - дейт Монголиянын элчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
pat12
2018-09-05 20:21:59
Нигизи диний идеялогияны жайылткан уюмду жок кылыш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан