ЖЭБдеги жабдууларды жаңылоо үчүн дагы 81,9 миллион сомго тендер жарыялады

"Электр станциялары" ишканасы Бишкек ЖЭБинде оңдоп-түзөө иштери үчүн 81 миллион 849,6 миң сомго тендер жарыялады. "Электр станциялары" ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиеванын SUPER.KG порталына билдиришинче, тендер мөөнөтү 40 жылдан ашып кеткен кабелдик линияларды жаңылоо үчүн жарыяланган.

"Бишкек ЖЭБи шаарды жылуулук менен гана камсыздабастан, электр энергиясын да бөлүп чыгарат эмеспи. Өзгөчө өлкөнүн түндүк аймагын электр энергиясы менен Бишкек ЖЭБи камсыз кылат. Бирок андагы электр чубалгыларынын абалы эскирип, аларды жаңылоо муктаждыгы келип чыккан. Мындан улам Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу тендер жарыяланды.

Азырынча тендердин жыйынтыгы качан белгилүү болору жана оңдоп-түзөө иштери качан башталып, качан аяктаары белгисиз. План боюнча жаңылоо иштери ушул жылдын планында каралган. Бирок учурда Бишкек ЖЭБинин айрым бөлүктөрү чубалгысыз калды деген түшүнүк жаралбоо керек, бизде кошумча да варианттар каралган", - деди Айдаралиева.

Айта кетсек, быйыл 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыя максатсыз пайдаланган деп сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Sambet08
2018-09-05 17:45:39
Алып эле атасынар бутпой эле койдуго
0
NURSAPAR
2018-09-05 18:29:20
Эми ким жээйт?????
0
sarbo
2018-09-05 20:17:53
эми кычкачтын баасы арзандайт 310$
0
talaa11
2018-09-05 23:44:08
Сапар Исаков,А.Атамбаев толосун кустургула экоону
0
Mars575
2018-09-06 11:28:36
Ошол тендерге АША менен Сапардан алгыла акчаны,ошондо жесенер да можно
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан