Бүгүн, 5-сентябрда Кырчын жайлоосунда эл аралык айтыш орун алды. Анда кыргыз менен казактын төкмө акындары айтышты.
Чечендердин айтышына келген көрөрмандар өзү сүйгөн акынды колдоп, ар бир сөзүнө маани берип жатты. Эл аралык айтышка карысы да, жашы да, ал тургай кол чатырын көтөргөн апалар, эң башкысы, батл экенин түшүнгөн чет өлкөлүктөр дагы келип, сынактын жүрүшүнө саресеп салды.