Ош шаарынын тургуну төрт жаштагы баласы бала бакчадан оозу көгөрүп келгенинен улам милицияга арыз менен кайрылган. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Ош ШИИБинин басма сөз кызмат билдирди.
Маалыматка ылайык, 4 жаштагы наристенин ата-энеси 25-августта арыз менен кайрылган.
"Окуя шаардагы бала бакчалардын биринде 24-августта болгон. Анда 4 жаштагы баланын оозу бала бакчадан көгөрүп келген. Мындан улам жабырлануучуга медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында ал жеңил жаракат алганы аныкталган. Буга макул болбогон ата-эне кайра комиссиялык экспертизага кайрылышты. Учурда анын жыйынтыгы чыга элек. Ошондой эле эч кимге карата кылмыш иши козголо элек", - деди маалымат катчы.