III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында "Айтыш-2018" төкмө акындардын эл аралык сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрү аныкталды.
Ага ылайык, баш байгени казакстандык Максат Аканов менен кыргыз акыны Асылбек Маратов жеңип алды.
Байгелүү орундарга ээ болгон Казакстандан келген төкмөлөр:
Айбек Калиев - 1-орун;
Аспанбек Шыгатаев - 2-орун;
Биржан Байтуов - 3-орун.
Байгелүү орундарды камсыздаган кыргыз акындары:
Баян Акматов - 1-орун;
Кубан Тукешов - 2-орун;
Азамат Болгонбаев - 3-орун.
Андан тышкары Ашыраалы Айталиев атындагы сыйлыкты казакстандык Бирубай Орозумбет, Эстебес Турсуналинев атындагы сыйлыкты Жаркынбек Наушабеков, Тууганбай Абдиев атындагы сыйлыкты кыргыз акыны Идирис Айитбаев алса, Бексултан Жакиев атындагы сыйлык Иззат Айдаркуловага ыйгарылды. Ал эми тандап алуу туруна катышкан акындарга (4 казак, 4 кыргыз) 30 миң сомдон акчалай сыйлык берилди.
Белгилүү болгондой, айтыштын биринчи айлампасында жалпы 16 акын катышып, жыйынтыгында 8 акын финалга жолдомо алган. Алардын ичинен төртөө казак акыны, төртөө кыргыз акыны. Бул жылы да адаттагыдай эле кош байге сайылган. Айтыштын жалпы байге фонду 2 миллион сом. Мындан сырткары "Айтыш" коомдук фондунун өзүнчө сыйлыктары тапшырылды.
Айтышка калыстык кылып, акындардын дараметин баалаган калыстар тобунда Акбар Рыскулов, Күмөндөр Абылов, Кыялбек Урманбетов, Кубат Болотканов, Кайрат Иманалиев, Улан Турдалиев, Жаныбек Эсеналиев болгон.