Мамлекеттик экотехинспекциянын инспекторлору Кырчын жайлоосундагы Каба уулу Кожомкул балбандын боз үй музейинде илинип турган илбирстин териси боюнча териштирүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Териштирүү иштеринин алкагында илбирстин териси Суусамыр өрөөнүндөгү Каба уулу Кожомкул балбандын музейине таандык экени белгилүү болду. Музейдин кызматкеринин берген маалыматы боюнча, илбирстин териси музейдеги экспонат катары саналып, тизмеге киргизилген. Себеби Каба уулу Кожомкул атындагы музей түзүлгөндө балбандын колдонуп жүргөн буюмдары жана кийим-кечелери менен биргеликте аталган илбирстин териси дагы өткөрүп берилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Мамлекеттик экотехинспекциянын кызматкерлери тарабынан тийиштүү кагаздар толтурулуп, музей кызматкеринен түшүнүк кат алынды", - деп жазылат маалыматта.