Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда 3 жеңил унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 5-сентябрь күнү саат 17:15 чамасында Кырчын жайлоосуна бара жаткан жолдо болгон.
"Жол кырсыгы эки Фольксваген Гольф жана Субару Форестер үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда болгон. Жабыркаган айдоочулар жана жүргүнчүлөр аймактык ооруканага жеткирилди. Учурда жеринде кызматкерлер иштеп, териштирүү иштери жүрүүдө", - дейт маалымат катчы.