4-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев жергиликтүү телеканалдардын бирине мамлекеттик гимнди туура эмес ырдап берген. Мындан улам коомчулукта эл өкүлүнө карата ар кандай сындар айтылган. Кийинки күнү эл өкүлү коомчулуктан кечирим сурап, гимнди туура ырдап берди.
Тулендыбаев Пархат Разымович 1960-жылы 4-июнда Фрунзе шаарында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү, 1981-жылы Фрунзедеги советтик соода техникумун аяктаган. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Социалдык өнүгүү жана ишмердүүлүк институтунун финансы жана кредит факультетин бүтүргөн. 2014-жылы Тышки иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясындагы эл аралык мамилелер факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
1981-1983-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат кылган.
1983-жылы Бишкек шаарында дүкөн жетекчиси катары эмгек ишкердигин баштаган.
1983-1991-жылдары Бишкек шаарында коомдук тамак-аш тармагында иштеген.
1998-2007-жылдары жеке ишкер катары эмгектенген.
2001-2007-жылдары "Уан Джун", "ИРК" компанияларынын коммерция боюнча директору болуп иштеген.
2004-2007-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон.
2007-2010-жылдары "Ак жол" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты болгон.
2010-2015-жылдары "Кальпэн" ишканасынын коммерциялык директору болуп эмгектенген.
2015-жылы "Республика-Ата Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү: 7 кыз жана 5 уулдун атасы. Кыргыз, орус, уйгур, өзбек тилдеринде сүйлөйт. Улуту уйгур.