Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 5-сентябрда Астана шаарында өткөн "Ооганстандагы аялдардын укугун жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү" аттуу конференцияга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ооганстандагы тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоого багытталган казакстандык тараптын демилгесин колдоого алды.
"Конференция Ооганстандын тынч өнүгүүсүнө карата аялдардын кошкон салымын, ордун жана мүмкүнчүлүктөрүн, алардын мамлекет ишине катышуусун жогорулатуу жолу аркылуу кеңейтүү маселесин талкуулоо үчүн жакшы аянтча болуп саналат", - деди вице-премьер-министр.
Алтынай Өмүрбекова Кыргыз мамлекетиндеги аялдардын социалдык-экономикалык жана саясий корголуусу жаатындагы реформаларды жүргүзүү тажрыйбасына, эл аралык укуктук милдеттенмелер алкагындагы аткарылып жаткан иштерге токтолду.
"Жетишилген жыйынтыктарга карабастан, биздин алдыбызда чоң иштер турат жана биргелешкен күч-аракеттерди бул тармакка, анын ичинде БУУнун туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүгө багыттоо зарыл", - дейт Өмүрбекова.