Милиция кызматкерлери бельгиялык туристтин жоголгон буюмдарын кайтарып беришти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көргөнү келген турист Кырчын жайлоосунда маданий иш-чараларды көрүп жүрүп сумкасын боз үйлөрдүн бирине унутуп кеткен.
"Вильгельм Шуберт аттуу турист сумкасын Дархан айылынан келген тургундардын боз үйүнө унутуп кетиптир. Үй ээси дароо бул тууралуу милиция кызматкерлерине кабар берген. Сумканын ичинде кымбат баалуу фотоаппарат, документтер бар экен, анын баары ээсине кайтарылып берилди", - деп билдирди маалымат кызматы.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көл жергесинде 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин уланат.